Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин иши Аламүдүн райондук сотунда каралууда.
Бүгүнкү сот отурумунда Акмат Сейитовдун тергөөдө берген көрсөтмөсү судья тарабынан окулуп, кийинки отурум 29-мартка дайындалды.
Анда жарыш сөз сүйлөнүп, андан соң өкүм чыгышы мүмкүн деди жактоочу Есения Рамазанова.
Бурулайдын өлүмү боюнча 5 милиция кызматкерине 316-берене "шалаакылык" боюнча иш козголгон. Алар Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткери И.Иманалиев, Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери М.Макеев, Чүй ОИИББи боюнча Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүлөрү З. Байтереков жана З.Айткожоев, Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Э.Кадышев.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.
Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана 2018-жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.