Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурумда жабырлануучу тарап менен соттолуучулардын жакындары эки жаат болуп жаңжалдаша кетишти

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча кезектеги соттук отурум орун алды. Анда соттолуучулардын бири Марс Бөдөшовдун досу Акмат Сеитов көрсөтмө берди. Анын берген көрсөтмөсүн Бурулай Турдали кызынын жакындары чындыкка дал келбейт деп чырдап чыгышты. Соттолуучулардын тарапташтары менен жабырлануучу тараптын ортосунда кайым айтышуу болуп, жаңжал чыгып кетти. Тартипти соттук отурумду көзөмөлдөөчү конвойлор жөнгө салып, эки жакты ажыратып калышты.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон.

Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурумда жаңжал чыкты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Missing-u
2018-11-23 12:36:28
Турдали акада болбогон ака болдуго,ушунча болду чындыка баш ийип бербейби эми,куноону кобу же кылмышка атайылап жеткирген дагы озу болуп жатат. Кызы конулу болсо берип кое бергенде азыр бактылуу болуп журмок байлыка кызыккан киши экен,кызынын олуму да ал сыпатын токтото албаган окшойт. Кыздын жаткан жери жайлуу болсун...
+6
nurhan2702
2018-11-23 12:42:01
Соттолуучу тарап кайсы бетинер мн жанжалдашасынар .Мин наалат силерге ,албетте силерден тарбия алган адам зоокур болот да .А Марстын досуна соз жок .Озу кандай болсо досу да озундой болот да мыкаачы.Чырактай кызды олтурдун эки дуйнодо тен жакшылык корбо
-5
Snejana
2018-11-23 18:28:18
nurhan2702,туура. Мен дагы кошулам.
0
odin-takoy
2018-11-23 12:53:48
Ушул марстын олтургонуно ишенуу ото кыйын болуп атат да мен учун. Кызды менттер эле олтургондой сезилип жатат да. Баланын туугандарында не куноо хми асыла берип тойгозуптур да ХХХХХХХХХХ
+7
Take_men
2018-11-23 13:41:13
Эмне эле аягына чыга алышпай жатат. Марс өлтүргөн эмесмин деп жатабы? Же өзүмдү билбей калгамын дейби? Же элге дагы маалымат беришпейт
0
barakcha
2018-11-23 14:29:41
Турдали ака кызына куран окуп уйундо отурса пайдалуураак болмок...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан