Астротөлгө: 24-октябрда төрөлгөн адамдар жасаган ишин туура нукка салып турабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

24-октябрда төрөлгөн адамдар башка чаяндарга караганда өзүн алып жүрүүсү, чечкиндүүлүгү менен айырмаланат. Булар кандай кырдаал болбосун өзүн сыйлоо менен талашып-тартышуудан баш тартып компромисске оңой эле барат. Себеби өзүнүн артынан жакындарынын жапа чегип, кыйналып калышын каалабайт. Ошондуктан алар ар бир жасаган ишин туура нукка буруп, жаман нерседен оолак жүрүшөт.

Ушул күнү жарыкка келген адамдар максатына тез жетүү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн, аракетин жумшап, идеяларды ойлоп табууга жөндөмдүү келишет. Алар изилдөөчү, журналист жана мугалимдик кесиптерди аркаласа, ийгилик жарата алышат. Буларга катуу талап, олуттуу көзөмөл кылуунун кереги жок. Жумушка "башкысы - жыйынтык" деген принцип менен мамиле кылат.

Сүйүү - булардын жашоосунун бир бөлүгү. Жалгыздыкка караганда өнөктөшүнүн жанында өзүн алда канча жакшы сезишет. Аябай берилип мамиле кылганы менен кызганчаактык мүнөзү мамилени татаалдаштырып жибериши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан