"Реал Мадрид" башкы машыктыруучусун жумуштан алды. Клуб келишимди бузгандыгы үчүн ага 20 миллион доллар төлөшү мүмкүн

Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубу машыктыруучусун жумуштан алды. Бул тууралуу клубдун расмий интернет баракчасына жарыяланды.

"2018-жылдын 29-октябрындагы директорлор кеңешинин жыйынында клубдун башкы машыктыруучусу Хулен Лопетеги менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу чечими кабыл алынды. Буга бир учурда 8 оюнчусу "Алтын топ" сыйлыгына көрсөтүлгөн команданын оюнундагы канааттандырарлык эмес жыйынтыктар себеп болду.

"Реал Мадрид" Лопетегинин эмгеги үчүн ыраазычылык билдирет жана алдыда ийгиликтерди каалайт. Ушул күндөн тартып, убактылуу башкы машыктыруучунун милдетин аткаруу клубдун экинчи курамынын машыктыруучусу Сантьяго Солариге тапшырылсын", - деп айтылат маалыматта.

Айрым маалыматтарга ылайык, мөөнөтүнөн эрте келишимди бузгандыгы үчүн "Реал Мадрид" клубу экс-машыктыруучуга 20 миллион доллар өлчөмүндөгү акча каражатын төлөп берет.

Белгилей кетсек, Лопетеги ушул жылдын август айында башкы машыктыруучулукка дайындалган. Ага чейин ал Испания курама командасын машыктырып келген. Лопетегинин жетекчилигинде команда 14 оюн өткөрүп, 6 жеңиш, 2 тең чыгуу жана 6 жеңилүү ызасын тарткан. 28-октябрда клубдун башкы атаандашы "Барселона" менен болгон оюнда 5:1 эсебинде жеңилген. Лопетеги Испан курамасы менен бир да жеңилүү ызасын тарткан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuban1990
2018-10-30 09:52:13
Лопатка!!!!!
0
nemo2016
2018-10-30 11:05:41
Куноо тренер де эмес
-3
Zynk.kg
2018-10-30 21:18:49
Ура ура ура!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан