Астротөлгө: 12-ноябрь күнү ак көңүл адамдар төрөлүшөбү?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

12-ноябрь күнү ак көңүл, шайыр адамдар төрөлүшөт. Бардык кыйынчылыктарды жеңе билген кайраттуу, чечкиндүү, кумурскадай эмгекчил келип, башкаларды дагы өздөрүндөй күчтүү болууга үндөйт. Энергиясы ашып-ташып тургандыктан бир ордунда отура албайт.

Ийгиликтерге жетүү бул күнү төрөлгөндөр үчүн өтө маанилүү. Эгер иши жакшы жүрүшпөй, ойлогондой болбой жатса, дароо тыныгуу жарыялап, кандай кемчиликтер болуп жатканын изилдеп чыгат. Жаңы план, жаңы күч менен ишти улантып жакшы жыйынтыкка жетет.

Айтканынан кайтпаган көк бет болгондуктан, бардык ишти өз убагында жана катасыз аткарышат. Кайсы бир ишти баштоодо аны башынан аягына чейин кандай болорун пландап алат. Жашоодо жаңы бийиктиктерди багынтып, жеңиштин жемишин көргөндү жактырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан