Кыргыз өлкөсүндө туулган футболчу Ильзат Ахметов оюн учурунда жаракат алды

Кыргыз жеринде туулган футболчу Ильзат Ахметов 11-ноябрда Орусия Премьер-Лигасынын 14-турунда орун алган ЦСКА - "Зенит" беттешинде жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, 20 жаштагы оюнчу Себастьян Дриусси менен сүзүшүп кетип жерге кулап түшүп, жаракат алган. Аны оюн талаасынан команданын дарыгерлери көтөрүп кеткен.

Оюндан кийин өткөн маалымат жыйынында ЦСКАнын башкы машыктыруучусу Виктор Гончаренко Ахметовдун абалы тууралуу азыркы тапта так эч нерсе айта албай тургандыгын айткан.

"Азырынча оюнчунун жаракаты канчалык деңгээлде оор экенин айта албайм. Анын ийини чыгып кеткен", - деген Гончаренко.

Айта кетсек, буга чейин Ахметов Орусиянын улуттук курама командасынын кеңейтилген курамына киргени маалым болгон.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
expert.007
2018-11-12 13:01:51
Көз тийди деп коёт беле. Өтө мыкты оюн көрсөтүп атты эле
0
make2
2018-11-12 13:27:27
Тажатты кыргыз өлкөсүндө туулган, кыргыз өлкөсүндө туулган, кыргыз өлкөсүнө ойнобогондон кийин жазбайле койгулачы,
+12
Keku
2018-11-12 13:29:24
Оа, ал кыргыз эмес, ал башка улуттун курамасында ойнойт.Кереги жок аны кыргыз,деп.
+8
Motorola-Samsung
2018-11-12 13:40:08
Keku,анын улуту да кыргыз эмес экен. Ал уйгур экен
+8
Maks_shop
2018-11-12 15:32:45
Тажатынар ушуну жаза берип ,Россия менен ЧМ утуп алса деле кыргызстанда туулган деп жаза бересинерби ?(лично мен мындайларды саткын деп эсептейм)
+4
Ali-han
2018-11-12 17:25:03
Кыргызстан жөнүндө эч ооз ачпайт. Жазбай эле койгулачы ушул бала жөнүндө
+3
Aksy.24kg
2018-11-12 19:36:56
саткын
+1
Dembele84
2018-11-13 00:43:24
Биздин спорт жылдызыбыз,Россиянын ЦСКА сында ойногон кыргыздын мыкты футболчусу-деп койбопсунар бир жолу.Бишкекте туулганы гана болбосо,улуту уйгур,Россиянын курамында ойногусу келген Россия гражданы экен го ....
+2
Kgda
2018-11-13 03:54:17
Виталий Кличколор да Кыргызстанда туулган.
+1
MAN-CITY
2018-11-13 08:04:47
Саткындардын кереги жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан