Депутат Тиллаев парламентте ЖЭБ боюнча УКМК, Башкы прокуратуранын маалыматы качан карала турганын сурады

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев парламентте ЖЭБ боюнча УКМК, Башкы прокуратура жана Эсептөө палатасынын маалыматы качан карала турганын сурады. "ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов тийиштүү органдардын маалыматын угуу боюнча сунуш киргизген. Бул маселе качан каралат?" - деп сурады депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков маалымат комитеттерде каралып жатканын эскертти.

Буга чейин 3-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов октябрь айындагы планга ЖЭБ боюнча маалымат угууну сунуш кылган. Анын сунушу депутаттар тарабынан колдоо тапкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан