ЖЭБ боюнча депутаттар да жоопко тартылуусу керектиги айтылды. Буга "депутат берген добушу, трибунадагы сөзү үчүн жоопкерчиликке тартылбайт" деген жооп болду

"Эмне себептен күнөөнү 8 кишиге оодарып коюп, профилдик комитеттердин төрагалары, төрага жоопкерчиликке тартылган жок?" - деп бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБиндеги абал тууралуу өкмөттүн маалыматы уктурулуп жатканда депутат Ирина Карамушкина суроо салды.

"Прокуратура бул башынан эле пайдасыз келишим болгонун айтты. Анда көп деталдык эсептер жок болгонун Эсеп палатасы да аныктап чыккан. Учурда УКМК, Башкы прокуратурага суроом пайда болду. Биз парламенттик өлкөбүз, ратификациялар жана макулдашуулар боюнча негизги чечимдерди парламент чечет. Эмне себептен профилдик комитеттердин төрагалары, депутаттары, төрага жоопкерчиликке тартылган жок? Мындайча айтканда, алар өзүнөн жоопкерчиликти алып, 8 кишиге күнөөнү оодарып салды, эмне себептен депутаттар жоопкерчиликке тартылган жок? Ушул суроого жооп берсеңиз", - деди депутат.

Буга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков: "Сиз бир нече чакырылыштын депутаты болгонсуз. Мыйзамдарды жакшы билесиз, Конституцияда так жазылган. Депутат өзүнүн берген добушу, трибунада сүйлөгөн сөзү үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Ал учурда депутаттар жакшы ниет менен колдошкон, мынча акча желип кетет деп эч ким ойлогон эмес", - деди.

Анда ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков парламент жакшы ой менен чечим кабыл ала турганын айтты. "Бул келишимди колдогондо ак ниет менен чын дилибизден башчыларга ишенип кабыл алып бергенбиз. 2013-жылы июль айында келишимге өкмөт кол коюп жатат. Жогорку Кеңешке келишимдик макулдашууну сентябрь айында алды. Тездетип кабыл алып бергиле, макулдашуу керек деп айтышкан. Минтип ким айтканын билесиңер. Жакында Нурбек Токтакунов айрымдардын жоопкерчилиги каралышы керек деп айтып чыкты. Ал кимдин жактоочусу экенин билесиңер. Алардын айласы жок, күнөөнү бирөөгө оодарышы керек. Уурулар жооп бериши керек", - дейт Жээнбеков.

Учурда жыйында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы № 2221-VI токтому менен түзүлгөн 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 17-майындагы № 2408-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу өкмөттүн маалыматы угулууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан