Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөрдүн атын атоого даяр эмес. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештеги ЖЭБдеги кырдаал боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди. Ага чейин депутат Сайдулла Нышанов күнөөлүүлөрдү аныктоонун жыйынтыгына кызыккан болчу.
“Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМКга өткөрүп берген. Бул ири көлөмдөгү жумуш. Биз азыр күнөөлүү адамдын атын атоого жете элекпиз. Тергөөнүн жыйынтыгында шектүү такталат, анын күнөөсүн сот аныктайт”, - деди Дүйшөмбиев.
Буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы кийинки жумада Бишкек ЖЭБдеги аварияга тиешелүү адамдардын аты-жөнүн жарыялай турганын айткан болчу.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев,
КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;
"Бир Бол" фракциясынан - Мыктыбек Абдылдаев;
"Ата Мекен" фракциясынан - Сайдулла Нышанов;
"Республика-Ата Журт" фракциясынан - Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;
"Кыргызстан" фракциясынан - Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.