Депутат: "Энергетика тармагында уюштуруу, башкаруу системи жок"

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев энергетика тармагында уюштуруу, башкаруу системи жоктугун билдирди.

"ЖЭБдеги авария энергетика тармагынын башкаруу координациясы жетиштүү эместигинен болгон. Бул тармакта уюштуруу, башкаруу системи жок. Мындайча айтканда, башкаргандар чоңдор көп, жооп берген эч ким жок болгон. ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия энергетика тармагын дыкат изилдеп, реформа боюнча сунуш бергиле дегенбиз", - дейт ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул боюнча азыр иш жүрүп жатканын айтты. "Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети менен талкуу болду. Депутаттар менен чогуу жумушчу топ түзө турган болдук. Жакында сунуш беребиз", - деди Боронов.

Бул тапшырма берилгенине 9 ай болгонун айтып, эми жумушчу топ түзүлүп жатканына нааразы болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан