Бүгүн, 11-апрелде Бишкек ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыкты иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Анда мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен экс-спикер Чыныбай Турсунбеков маалымат берүүдө.
Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБдеги маселе мындан 20 жыл мурун эле көтөрүлгөнүн айтты.
"ЖЭБ - көп жылдан бери айтылып келе жаткан көйгөй. Маселе 1997-1998-жылдары башталган. Андан кийин убакыт өтүп, 2017-жылдагы стратегиялык планга кирип, менден мурдагы өкмөт башчы планга киргизген экен. Кийин Бишкек ЖЭБди модернизациялоого чечим кабыл алынган. "Электр станциялары" ишканасы бул иштерди алып барган", - деди Сатыбалдиев.
Ал эми Чыныбай Турсунбеков ЖЭБ боюнча келишим түзүлүп жатканда Кытайга барган депутаттардын тизмесин атап, алардын катарында өзү да болгонун айтты.
"Үрүмчү шаарынын жанындагы бир шаарга барып, ТВЕАнын жетекчилиги менен жолугуп, алардын техникаларын, жабдууларын иштетип жаткан жылуулук системи боюнча көрүп келгенбиз. Ал жерге Азамат Арапбаев, Абдимуталип Кочкорбаев, Токтогул Туманов, Мурадыл Мадеминов, Исхак Пирматов, Малик Осмонов, Равшан Жээнбеков, Райкан Төлөгөнов жана мен баргам", - деди Турсунбеков.