Бүгүн, 26-февралда депутаттар Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынына Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазовдун келбегендигине нааразы болушту. Комиссиянын төрагасы Улан Примов буга чейин өткөн жыйында Авазов жооп сурап, бул ирет себепсиз келбегенин айтты.
"Өткөн жыйында да 2013-жылы "Электр станцияларын" жетектеген азыркы Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов чакырылган. Бирок ал өткөн жыйында Жалал-Абад шаарынын бюджети каралып жатканын айтып жооп сураган. Биз анда макулдук бергенбиз. Бүгүн себебин да айтпай, келбей койду. Жашыра турган эмне бар? Келип баарын айтып бериши керек. Кийинки жолу жыйынга келбесе маселени башкача коёбуз, сиз аны катышуусун камсыз кылыңыз", - деп Примов биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге кайрылды.