Интернет колдонуучусу Варя Борцова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына таасирдүү окуя менен бөлүштү.
Варя Борцованын билдиргенине ылайык, ал чет элден Москва шаарына учуп келген. Үйүнө жетүү үчүн жолдон такси кармаган. Үйүнө кирип, бир аз уктап эс алган соң гана капчыгын таксиде унутуп калганын билген. Таксини көчөдөн кармагандыктан, ал кайсы такси кызматына тиешелүү экенин билбей калган. Капчыктын ичинде документтери, креддиттик карталар жана акчасы болгон.
Көп өтпөй терезеге жакын келген анын атасы үйдүн алдында бир такси турганын айткан. Борцова эшикке чыгып ал капчыгын унутуп калган таксист аны 8 сааттан бери таппай убара болуп жатканын билген. Аны менен сүйлөшүп ыраазычылыгын билдирген соң кыз ал Орусияда иштеп жүргөн Кыргыз жараны экенин угат.
Ошондой эле Борцова такси айдаган жигитке ыраазычылык катары акча бергенин кошумчалап, билдирүүнү жайлоонун сүрөтү менен толуктаган.
Ал эми Варя Борцованын өзү менен байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Ооба, мен жазган билдирүүнүн каарманы Кыргыз жигити болчу. Анын бул кадамы дүйнөдө жакшы адамдар көп экенине дагы бир далил. Ал мени суук аба ырайына карабай 8 саат бою күтүп турган экен. Албетте, азыркы заманда менин окуям башкаларга жомоктой туюлушу мүмкүн, бирок бул чындык. Ар бир адам колунан келген жакшылыкты жасай берсе, дүйнөдө тынчтык жана бейпилдик орун алат деп ишенем", - деп билдирди Борцова.
Мындан сырткары Борцова көп жыл мурун 1 күнгө иш сапары менен Бишкекке келип кеткенин жана башынан өткөн окуядан кийин дагы сөзсүз келип кетерин кошумчалады.