Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов үйлөндү. Анын жубайы бийчи Жибек Бейшееванын кыз узатуу тою Бишкекте 18-ноябрда болду.
Азамат Байматовду санаалаштары Эрмек Нурбаев, Омар, Улан Барпиев, футболчулардан Антон Землянухин коштоп келишти. Футболчу Чемпиондор Лигасынын гимни менен кирип жүгүндү.
Жибек Бейшееванын кыз узатуу тоюнда ырчылар Мирбек Атабеков, Абир Касенов, Токтобек Асаналиев да болду. Жибек Бейшеева "Датка" бийчилер тобунда бийлейт. "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде Азамат Байматов быйыл үйлөнө турганын айтып, сүйүктүүсү тууралуу: "Экөөбүз 1 жылдан ашык мамиле куруп, сүйлөштүк. Менин мүнөзүм да жеңил эмес, чет жерде жүрөм дегендей. Ошого чыдап, колдоп, түшүнүп келе жатканы үчүн ага, өзү айткандай, медаль тагыш керек. Жеке жашооңдо баары жакшы болсо, ишиң да ийгиликтүү болот", - деген.