"Өмүрбек Текебаевдин иши мунапыска туура келбейт". Бул тууралуу маалымат жыйында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов айтты.
Ал президент мунапыс жарыяласа дагы Текебаев камактан чыкпай турганын билдирди.
"Мунапыс жарыялоо Текебаевдин ишине туура келбейт. Ал "коррупция" беренеси боюнча соттолгон. Биз жана жактоочулар жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароону гана суранабыз жана талап кылабыз. Президенттин кечээ экс-премьерлер жана экс-спикерлерге айткан мунапысы бул жерде туура келбейт", - деди ал.
Ошондой эле ал мунапыс мыйзамы учурда парламентте каралып жатканын кошумчалады.