Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу тууралуу дарыгер эмне дейт?

21-август күнү Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун жаңы жагдайларга байланыштуу соттук иши каралып, Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. Ал арада биз Текебаев дарыланып жаткан Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна барып, аталган оорукананын директору Сабырбек Жумабековдон анын ден соолугун сурадык.

"Өмүрбек Текебаев бизде жаткандан бери омурткасын дарылап жаттык, омурткасында мурун операция болгон. Омурткалары бошоп калгандыктан, бул киши көпкө тик туруп баса албайт. Аны операция жолу менен бекитүү керек, тилекке каршы, аны жасайлы десек жүрөгүндө көйгөй бар экен. Кан басымы да туруксуз болууда. Биз омурткасын жана жүрөгүн да дарылап жатабыз. Качан жүрөгү жакшы болгондо биз операция кылабыз. Азырынча дарылануусу бизде эле болот", - деди Жумабеков.

"Ата Мекен" партиясынын лидери ушул жылдын 31-майында Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген болчу. Ал эми Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна 30-июнда которулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан