Адвокат Таалайгүл Токтакунова: "Леонид Маевскийдин камакка алынышы боюнча Өмүрбек Текебаев менен кеңешип, чечим кабыл алабыз"

"Леонид Маевский кылмыш ишине барчу жана кылмыш ишин кылып жүргөн эле адам". Мындай пикирин SUPER.KG порталына адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Ал Леонид Маевскийдин камакка алынышы боюнча Өмүрбек Текебаев менен кеңешерин айтты.

"Маевскийдин Текебаев боюнча берген көрсөтмөсү далилсиз болуп, жакшы бааланган эмес. Бүгүнкү күндө ал далилденип жатат. Биз сотто фактыларды келтирип, Маевскийдин өзүн кылмыш жоопкерчилигине тартыш керектигин айтканбыз. Бул эми далилденип жатат. Азыр да шылуундук менен кармалып жатпайбы. Аталган маселе боюнча Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшөм. Кийин кандай чечимге келгенибизди айтабыз", - деди ал.

Кечээ, 16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө.

Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазып, ошонун негизинде Кыргыз саясатчысы 8 жылга соттолгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ali-han
2018-11-17 12:39:48
Атамбаевдин заказы болгону ачыктан ачык эле элге билинген. Өмүрбек Текебаев акталат!!!!!!!
+4
uli1234
2018-11-17 12:44:48
Атамбаев ххххх экенда, озун камаш керек коррупционерди. Тойбос дагы деле саясаттан кеткиси келбей журотко
+7
Bazake
2018-11-17 12:58:34
Атамбаевди Текебаевдин ордуна отургузуш керек
+8
Mikra
2018-11-17 20:47:18
Атамбаев озун кол тийгиз кылып алган.эгер соттолсун десек биринчи кезекте ошол кол тийгис статусун алып.ТЭЦтин башында ушул Атамбаевда Сапарга кошуп сурака алып камаш керек.бул бир эле далил.мынданда толтура далилдери.Саясатчы Текебаев дагы бир ай камалбай турганда.Дача суудагы самалёттудагы далилдеп бермек эле.оооой айтаберсен толтура.Атамбайдын баласы Алмаз камалыш керек кыскасы.бирок азырынча эч кимдин кучу жетпейт.Текебаев чыкса анан камайт.Атамбайдын баласын.мен 100просент кепилдик берем.
+2
Aitik
2018-11-18 08:14:42
Текебаев кыргыз элитасынын эң мыкты инсан болуп эсептелет. Текебаевдей инсан эми Кыргызстанда жаралбайт элим
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан