Айбек Калиев сотто ЖЭБдеги кырсыктан кийин зыянга учурап, оңдолгон объектилердин тизмесин талап кылды

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси менен козголгон кылмыш иши каралды.

Сот отурумунда "Бишкек жылуулук" ишканасынын өкүлү ЖЭБдеги кырсыктан кийин борбордогу 57 объектинин суу түтүктөрү зыянга учурап, ишкана тарабынан оңдолгонун билдирди. Анын айтымында, келтирилген зыян жана оңдоого кеткен чыгым үчүн айыпталуучулардан ишкана 77 миллион 600 миң сом талап кылууда.

Айыпталуучулардын бири, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев зыянга учураган объектилер акыркы жолу качан оңдоодон өткөнүнө кызыкты. Бирок ишкана өкүлү өзү отурумга юрист катары катышып жаткандыктан мындай чарбалык иштерге жооп бере албай турганын жүйө келтирди.

Айбек Калиев ЖЭБдеги кырсыктан кийин оңдоп чыккан объектилердин дарегин жана тизмесин берүүнү талап кылды. "Сиз, сотко өкүл катары ишкананын талабын талашууга келдиңиз. Ошондуктан жооп берүүңүз керек. Сиздер оңдоп чыккан 57 объекти акыркы жолу качан оңдоодон өткөн? Мага ошол объектилердин тизмесин жана дарегин бериңиздер. Муну карап чыгуу керек", - деди Калиев. Бирок бул талабы да жоопсуз калды.

Ишти карап жаткан судья Эмилбек Кайыпов өкмөттүк аппараттын Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча бөлүмүнүн эксперти Надежда Давлеталиева күбө катары суралган соң ишти 29-ноябрда улантууну чечти.

Энергетика тармагындагы ишканалардын мурунку жетекчилери Айбек Калиев, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Темирлан Бримкулов, Нурлан Өмүркул уулу, Нургазы Курманбеков жана Нурлан Садыковго ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы) менен козголгон кылмыш иштин негизинде айып тагылууда.

Козголгон кылмыш иштин негизинде "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов УКМКнын тергөө абагында, ал эми калган үчөө үй камагында.

Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан