Бүгүн, 8-июнда Бишкекте "Форумдун" алдында экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган КСДПнын митинги өтүүдө. Анда 300гө жакын адам катышууда.
Камакта отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов сотто адилетсиздик болуп жатканын айтты. "Коррупция менен күрөшөбүз десек, эч кимге пара бербешибиз керек. Сапар Исаковдун камалганына бир жыл өттү. Анын иши боюнча эч кандай далилдер жок. Коррупция - коомдун мыйзамсыз көрүнүшү. Үч парламенттик комитеттин төрагалары, Жогорку Кеңештин төрагасы колдогон мыйзам долбоору боюнча эмнеге өздөрү жоопкерчиликке тартылбайт? Сапар Исаков депутаттарды коркутуп, тапанча такап ЖЭБ боюнча мыйзамды кабыл алдырган эмес да", - деди Токтакунов.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жатат.