31-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин баш коргоо чарасын карады.
Анын жактоочусу Айжан Орозакунова SUPER.KG порталына билдиргендей, райондук сот Артыкбаевди 13-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырды.
Маалыматка ылайык, аталган чечимди судья Айбек Эрнис уулу чыгарган. Буга чейин Артыкбаевдин тарапташтары соттон анын ден соолугунун начарлаганын жүйө келтирип, үй камагына чыгарууну суранышкан.
Жактоочу райондук соттун чечимине нааразы экенин айтып, шаардык сотко арыздана турганын билдирди.
Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.