Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум түштөн кийин да уланууда.
Учурда Сапар Исаков сурак берүүдө.
Судья Исаковго "азыр жарыш сөз сүйлөнүп жаткан жок. Жактоочу суроо берип, сиз жооп беришиңиз керек" деди.
Исаков судьяга "сизди түшүнүп турам, уккандан чарчадыңыз" деди. Анда судья "мен чарчаган жокмун, бул менин жумушум" деп жооп берди.
Исаков өз сөзүндө тергөөдө Айбек Калиев менен дос болгону айтылганын айтып, "Калиев экөөбүз дос эмеспиз. Ал менден кичүү. Биз болгону жыйындарда гана көрүшүп калчубуз. Ал өз ишин билген адам", - деди.
Исаков Жылуулук электр борборун жаңылоо боюнча сүйлөп келе жатып, учурда камакта отурган Алмазбек Атамбаев тууралуу да айтты.
"Алмазбек Шаршенович экөөбүз дайыма талашып-тартышып, урушуп кетчүбүз. Ал кишини мен 2007-жылдан бери тааныйм. Коррупция менен күрөшүүдө принципке туруп иштеген адам. Ал бизге акчаңар жок болсо менден алгыла. Эч качан мамлекеттен эмес деп айтчу. Ал көпчүлүгүбүзгө жардам берген. Убагында көп эле аткаминерлер аны менен дос болуп жүрүп, эми ага чыккынчылык кылышты. 2013-жылы мен жумуштан кетүүнү чечтим. Ошондо Алмазбек Атамбаев мени өзүнө чакырып, менден кечирим сураган. Себеби биз көп урушчубуз. Аны күбөлөр менен деле далилдесек болот. Бирок мен ал кишини алдап же таштап кеткен жокмун. Себеби мен андай адам эмесмин.
Мен эч качан карьера үчүн аракет кылган эмесмин. Мен дайыма жоопкерчиликти өзүмө алчумун. Президенттик аппаратта да көптөгөн адамдар менен бир командада иштедик. Мисалы Данияр Нарынбаев. Ал менин принципиалдуулугум жөнүндө айтып бере алат. Ал эми орун басарым Мухаммад Лоу муну тастыктайт".
Жактоочу Нурбек Токтакунов Исаковду өзүнүн активдери жөнүндө жана ал канчалык коррупция боюнча айыпталып жатканын айтууну суранды.
“Мен түшүнүп турам көп акча. Бирок алар менде жок. Биз учурда 111 миллион доллар менен айыпталып жатабыз. Бул жерде эң жакшысы адамды атып эле салган жакшы. Анчалык көбөйткөндөн көрө. Мен принципиалдуу адаммын. Мен эч качан бирөөнүн кызыкчылыгына иштеген эмесмин. Адам жакшы же жаман иштейт. А мен таза иштегем", - деди ал.