ЖЭБ соту: Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев: "Суракка Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин чакыртылышын өтүнөм"

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Отурум мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин өтүнмөсү менен башталды.

"Суракка Өмүрбек Текебаевдин чакыртылышын өтүнөм. Анткени ал бул документтерди ратификациялоо иштерине активдүү катышкан. Ошондой эле мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин келишин да өтүнөм. Кылмыш-жаза ишинин алкагында, анын жазган арызында ЖЭБ боюнча процесстерге Атамбаевдин буйрук бергендиги жазылган", - деди ал.

Буга судья аталган өтүнмөлөр ишке тиешеси жок болгондуктан, аткарылбай тургандыгын айтты.

Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Absamat-90
2019-11-11 10:19:42
Текебаев ток этерин айтты го,ТЭЦтеги акчаны жединер деп,жеген болсо жедим кайра берем деп эле айтпайбы Сатыбалдиев.
-2
Alimbek1000
2019-11-11 10:19:58
Сен өзүңө жооп берип алчы Жантөрө. Эгер алар суракка барса сенин мөөнөтүң дагы да узартыларын билесиңби? Сага эми эчким жардам да бербейт, эчким колдобойт дагы. Жедиңби жооп бергенди да бил...
0
Erik2018
2019-11-11 10:24:57
Ууру тойгончо жеп өлгөнчө карганат болуп булар эми кечке актана беришет Кычкачты 630 долларга алдык десе кайсы келесоо ишенет деп ойлодунар
+1
yrmat88
2019-11-11 15:16:01
Erik2018
ТЕЦти жакшылап, ачык айкын текшергенде анык уурулар Сооронбай экенин билесиңер.
-1
azamat85
2019-11-11 16:02:07
yrmat88, кемчонтой болбочу
0
Alimbek1000
2019-11-11 10:38:04
Жемкорлор ушинтип ар нерсени айтып жоопкерчиликтен качуунун жолун издешет. Эчкимиңерди аябаш керек баарыңарды кустуруш керек.
+2
altyn-kumush
2019-11-11 11:13:00
ЖЭБди модеринизациялоодо Жантөрө деле Сапар деле бирдей күнөөкөр. Алар Кытайдан алган акчаны АША менен бөлүшүп жеп алып айласыздан кычкачты 600 долларга көтөргөн. Ошондой кылсак айыбыбыз жабылып калар бекен деген да.
-2
Nazar76
2019-11-11 12:38:22
Жегендерди камаш керек бирок бизде эмнегедир 3-4 ай суракта сурамыш болуп уй камагына чыгарып жиберишет
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан