Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум: Айыпталуучулардын жактоочусу соттук кароо бир тараптуу жүрүп жатканын айтып нааразы болду

Бүгүн, 23-ноябрда Свердлов райондук сотунда милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук иш өттү. Анда жабырлануучу тарапттын жактоочулары окуяга тийиштиги бар негизги күбөлөр суралып бүткөнүнө байланыштуу айыпталуучу Марс Бөдөшов менен Акмат Сейитовду суракка ала берүү керектигин айтып, өтүнүч келтиришти. Ал эми айыпталуучулардын жактоочулары бул өтүнүчкө каршы чыгып, Бурулайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин тергеген эки тергөөчү жана Марсты дарылаган Кара-Балта шаардык ооруканасынын дарыгерлерин күбө катары чакырууну өтүндү.

"Судья, бүгүндөн баштап соттук отурум бир тараптуу болуп жатат, күбөлөрдү толук сурайлы, кошумча күбөлөр дагы суралсын. Буга чейин Жайыл РИИБинин криминалдык эксперти Бурулайга сайылган бычактан бармак издерин албай калганын айтып жатат. Анан кантип Бурулайды ким өлтүргөнү аныкталат? Мен окуя болгондон кийин Марс менен кошо суракка кирип жатканда Жайыл РИИБинин кызматкерлери "бычакта Марс Бөдөшовдун бармак издери жок болуп жатат" деп да айтышкан. Ошондуктан мен ошол кызматкерлерди да чакырууга өтүнүч келтирем", - деди Бөдөшовдун жактоочусу.

Судья айыпталуучулардын жактоочулары эмнеге буга чейин бул тууралуу өтүнүч киргизбегенин айтып, алардын өтүнүчүн канааттандырган жок. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар да соттун айтканын колдоп "ала качуу" фактысы боюнча кылмыш иши козголгон Акмат Сейитовдун макулдугу менен көрсөтмөсүн угууну талап кылышты.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон.

Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

Кийинки соттук отурум 28-29-ноябрь күндөрү, саат 10:30да жана 2-күнү саат 14:00дө уланмай болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Matahara1980
2018-11-23 18:29:13
Anan mars bodoshevdin barmak izi bolboso anda Emne papa karla kelip olturup ketiptirbi kyzdy, jonu jok ele akchylana berbegilechi sottolsun kak polojena 25 jyl norm bul balaga, biroonun taptatnakai kyzyn olturdubu jazasyn alsyn, tunt bala dep enesi aityp berdi elego kolunan kelet myndailardyn adam olturgon, shizofrenik bolushat tunt adamdar
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан