Милициянын бөлүмүндө кызды бычактаган жигиттин агасы: "Бул окуя үчүн баарынан кечирим сурайм"

Милициянын бөлүмүндө кызды бычактаган жигиттин бир тууган агасы окуя кандайча болуп кеткенине түшүнө албай жатканын айтат.

Анын айтымында, каргаша болгон күнү иниси кызды ала качып бара жатканынан кабары болгон эмес.

"Бурулайды май айынын башында ала качкан эле. Себеби иним экөө үч жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Өзүм ачуу басарына кыздын үйүнө келдим. Бул үйдүн ээси менен чогуу иштешип калгандыктан, мамилебиз жакшы болчу. Биз барганда эле "кыздын көңүлү бар бекен" деп сурашты. Мен ага чейин иниме ишенбей кыздын өзү менен да сүйлөшкөм. Ал көңүлү бар экенин айткан болчу. Ошондуктан "Бурулай менен сүйлөшкүлө, өзү айтсын" деп телефон чалып бердим. Эжелери жана кыздын атасы болуп башка бөлмөгө барып сүйлөшүп келишти да, бизге мындай дешти. "2 айдан кийин кулагына сөйкө салып, той кылып алып кеткиле, азыр кызыбыз үйгө келсин" дешти. Мен алардын бул сөзүн сыйладым, анан аларга ишенип иним кызды алып, Талас облусуна кирип бара жаткан жеринен артка кайтардым. Кызды түнкү саат 1де жакшынакай кылып жеткирип келип бердим", - деди кылмышкердин агасы.

"Мен өзүм бул каргашалуу окуяны кыздын эжелеринен уктум. Укканым боюнча кызды түнкү саат 10до ала качкан, ал эми 12де посттон кармалышкан. Бурулайдын каза болуп калганын түнкү саат 4тө билдик. Азыркы учурда аларга да, бизге да абдан оор болуп турат. Кыздын жакындарына сабыр тилейм, инимдин күнөөсү үчүн баарынан кечирим сурайм", - деди ал.

"Бул иште милиция кызматкерлеринин күнөөсү чоң. Эмне үчүн бир бөлмөгө экөөнү жалгыз киргизип койду? Бычак кайдан келди? Өздөрү билгендей эле ошол убакта Биринчи Май РИИБине кыз урдоо менен арыз түшүп, анан иним жолдон кармалды да. Эмнеге ошол учурда аны шектүү деп санап, колуна кишен салып, текшерүүгө алган эмес? Эми болсо 30 сантиметр болгон бычак менен сайыптыр деп жатышат. Ошол бычакты текшерүүгө албай РИИБге киргизген кимдер? Бул ошол жумушта иштегендердин шалаакылыгы. Эгер алар коопсуздукту ойлоп, текшерүүгө алганда мындай окуя болбойт эле да", - деди милиция бөлүмүндө кызга бычак сайган жигиттин агасы.

Эске салсак, 27-майда 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Анын абалы оор экенин Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери айткан. Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
chyngyz-40
2018-05-31 18:13:18
Бул жерде бала бычактаган эмес менин ойумча ХХХХХХХХ болушу мумкун экоонк бир болмого кантип камайт баланы камаса да кызды неге камайт кызды ата энесине откоруп бериш керек да бул жерде бир сыр бар милициялардан эле кумон санап жатам мен
-6
33SUUN
2018-05-31 19:02:15
chyngyz-40,жогоруда Азатбек айткандай сен дагы дөөдүрөп коюпсун.Кыздын жакындарына сабыр тилеймин.
+1
Kanatbek073
2018-05-31 19:20:05
Кыздын жакындарын сабыр тилейм
+1
bakan
2018-05-31 19:20:38
30га чыгып чон эле киши болуп калыптыр акыл ээси жайында болсо жапжаш кызга эмнеге бычак сайат эмнеге ата энеси каршы болсо неге ала качат
0
Meni_unut
2018-05-31 21:28:47
Агасы эркекче суйлоптур.Туура милициялар ишти олтургон.Жазасын алсын милициялар.
+14
Muslim1990
2018-05-31 21:29:34
Кызды неге камайт.Баланы камагандан кийин.Кызды уйуно коё бериш керек болчу.Бул жерде бир сыр бар.
+7
Arinsa
2018-05-31 23:53:37
Бала ХХХХХХХХХ
Же сүйүүсүнө жетпеген бир милиция болсо керек да,махабатты сыйлап,экөөнө боору ооруй калып сүйлөшсүн деп калтырып койгон.
Чынында мындай иш болушун күткөн эмес да.
+6
Pchelka85
2018-06-01 00:41:05
Эми по факту алып караганда Милиция кызматкерлери да куноолу.. экоону эки башка кабинетке кармашса болмок.. бир чети милиция деле адамдар, балким экоо суйлошуп алышсын дегендир... кантсе да учунчу жолу ала качып атса, калппы чынбы 3 жылдан бери суйлошуп журушсо. Милиция кызматкерлеринде деле жаман ой келбесе керек баштарына.. тем более бычак саят деп. Шалаакылык да бул жерде...
+3
Nurkan94
2018-06-01 00:43:30
Сабыр тилеймин баарына, Баланын агасына баа бердим азамат,кырсык каш кабактын ортосунда дейт, Тушунугу жогору инсан экен...
+1
Pchelka85
2018-06-01 00:48:07
Негиз 2 жаш бирин бири тандаган сон ата -энелер кийлигишпесе абдан жакшы эле болмок.. былтыр деле Нарында бир бала асынып алды эле го.. аны да ата-энеси кыздан корушуп.. ошол кыз олтуртуп анан асып койду деп. Анткени алар баласын ад кыздан алыстатыш учун коп аракет кылышкан. А бала больой эле кызга бара берген. Акыры кудайга тапшырып биротоло ажыратып тынышты..бул жерде деле ата-энесинин анча мынча кийлигушуусу ьар го... сабыр тилейм.. эки жактын тен ата-энеси, биртуугандарына
+1
progresskg
2018-06-01 01:06:47
Мыйзам деген мыйзам болуш керек - жашына, жынысына же жакшыбы жаманбы дебей, мыйзам чегинде жазасын алыш керек куноолуу болсо.
0
rysik79
2018-06-01 09:02:11
Бул менин суйлошкон кызым жон эле ата энесинен коркуп назданып жатат биз бир- бирибизди суйобуз десе ишеништи да менттер деле. Айбандык кылат деп эч бир адам ойлобойт да. Жапжакшына суйлошуп эле алып кетип баратаам азыр 2 мунот суйлошуп алайын деди да бычак менен жарып салды.
+2
saltanat.
2018-06-01 14:19:17
Кечирим сураганыңар кызды тирилтпейт.
+1
Karakash
2018-06-01 15:20:14
Бир тараптуу куноолой беруу туура эмес. Бул экоонун баш кошуусуна ата-эне кыздын каршы чыккандай.Бала тараптын да туугандарынан маалымат алуу керек. Эн негизги куноо милициянын тергоочусундо.
0
XAKER89
2018-06-01 20:28:50
бала 30га барып калса элдин алдында уят болом деп кызды да озунда олтуром деп чечкенго. бул жерде 100℅ милиция куноолуу. кыз уурдап бара жатат деген шек менен кармагандан кийин. кшен салып тинтуу кылып камерага камап койбойбу. эмнеси болсодо баланы да тергоочуну да жоопко тартуу керек экоо соучастник. кыздын ата-энесине сабыр берсин. ата-энеге баланын куйутун котсотпосун Кудайым.
-1
Azamat_15
2018-06-03 07:23:58
куноону ар кимден издебегиле!Куноокор так инин,анан милиция куноолуу деп,милиция деле адам балким суйлошуп алалы деп жанын койбосо керек ХХХХХХХХХХХ инин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан