Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогуна даярдануунун акыркы этабында 3 курама команда менен жолдоштук беттеш өткөрөт.
Белгилүү болгондой, Бириккен Араб Эмираттарында 5-январдан 1-февралга чейин өтүүчү Азия Кубогуна даярдануу максатындагы акыркы машыгуу жыйындарында 3 жолдоштук беттеш өткөрөт.
Окуу-машыгуу жыйындарын Кыргыз улуттук курама командасы Катардын Доха шаарында өткөрүп, Александр Крестининдин шакирттери 20-декабрда Иордания менен, 25-декабрда Катар курамасы менен жана 31-декабрда Палестина курама командасы менен беттешет. Бул оюндар жабык түрдө өтөт.