Футболчу Валерий Кичин Кыргыз улуттук курама командасынын машыгуу жыйындарына кошулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына футбол федерациясынан кабарлашты.
Орусиялык "Енисей" футболдук клубунун оюнчусу Валерий Кичин бүгүн, 18-декабрда улуттук курама команданын Катардагы окуу-машыгуу жыйындарына кошулду.
Белгилүү болгондой, Валерий Кичин 2017-жылдын октябрь айынан бери футбол боюнча Кыргыз улуттук курамдын катарында ойногон эмес.
Кыргыз улуттук курама командасы 7-декабрдан тарта Катардын Доха шаарында Азия Кубогуна даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Жыйындарга башкы машыктыруучу Александр Крестинин 28 футболчуну чакырган. Жыйындардын алкагында Кыргыз улуттук курама командасы Палестина, Катар жана Иордания курама командалары менен жолдоштук беттеш өткөрөт.