Футбол боюнча Кыргыз курама командасы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия биринчилигине "А" тобунан 2-орунда чыкты. Бирок бул көрсөткүч Азия Кубогундагы чүчү кулак таштоого эч кандай таасирин тийгизбейт. Себеби эки курама команда тең 3-тандоо турунан өттү. Эки команда тең 13 упай алган, бирок Индия курамасы үйүндө жана конокто гол киргизгени үчүн тайпадан 1-орунда чыкты.
"А" тайпасы
1. Индия 13 упай;
2. Кыргыз өлкөсү 13 упай;
3. Мьянма 8 упай;
4. Макао 0 упай.
Мындан сырткары биринчиликке катышуучу 24 команданын баары белгилүү болду. Алар: Дүйнө биринчилигине тандоо турунда жолдомо уткан талаа ээси БАЭ, Австралия, Ирак, Иран, Катар, Кытай, Түштүк Корея, Сауд Арабия, Сирия, Таиланд, Өзбекстан жана Япония. Үчүнчү тандоо турунан чыккан Палестина, Оман, Ливан, Индия, Түркмөнстан, Иордания, Бахрейн, Вьетнам, Кыргыз өлкөсү, Түндүк Корея, Филиппин жана Йемен курамалары.
Финалдык оюнга командаларды тайпага бөлүү үчүн чүчү кулак 2018-жылы 4-майда ташталат. Анда 24 команда 6 топко бөлүнөт. 1 тайпага 4 курама кирет.