Астротөлгө: 29-ноябрь күнү төрөлгөн адамдардын уюштуруучулук жөндөмү барбы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

29-ноябрь күнү төрөлгөн адамдар ачык-айрым, шайыр болушат. Алар мындай сапаты менен адамдарды тез эле өзүнө тартып, тил табышып кете алышат. Ошондой эле алар лидерлик сапатка ээ болушуп, уюштуруучулук жөндөмү бар. Жашоосунда кандай нерсе болсо да баарын өзү уюштуруп, дос-тааныштарын чогултуп майрам уюштуруп жиберет.

Ушул күнү жарыкка келген адамдар өзү каалаган жумушта иштөөнү жактырышат. Алар математика, философия тармагын тандаса ийгилик жарата алышат. Булар жаңычылдык жаратууну жактыргандыктан, өзү тандаган, каалаган кесиптин ээси болуусу зарыл.

Ошондой эле алар камкор болгондуктан ар дайым туугандарынын, досторунун, дегеле өзүнө жакын адамдарынын коопсуздугун ойлоп санаа тартып турушат. Ал эми жеке мамиледе абдан бактылуу, сүйүктүү өнөктөш боло алат. Бирок алардын бактысы тандаган өнөктөшүнөн көз каранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан