Астротөлгө: 12-июнь күнү саякатка чыгууну сүйгөн адамдар төрөлөбү?

12-июнда шамдагай, ылдамдыкты сүйгөн эгиздер төрөлөт. Алар бир секунд убактысын дагы текке кетиргиси келбегендиктен дайыма кыймылда болуп, бир жакка шашып турушат. Зирек, өтө акылдуу болушат. Тапан тили менен бардык кырдаалдан чыгып кетет.

Бүгүн жарыкка келген эгиздер бейтааныш кишилер менен оңой эле тил табышып кетет. Мындан улам алардын жоро-жолдоштору эсеп жеткис. Албетте, чыныгы дос менен кошоматчыларды талдай алышат.

12 санынын алдында төрөлгөндөр табиятынан оптимист болгондуктан ийгиликсиз иштерине, жолу болбой калган учурларына моюн сунуп кайгыга батпайт. Майда-барат иштерди көз жаздымда калтырып коёт. Бирок майда иштер дагы бир күнү чоң маселеге айланышын унутпашы керек.

Ушул күнү төрөлгөндөр колу ачык, март болушат. Жардам берүүдөн такыр баш тартып көргөн эмес. Бирок чеги менен жардам көрсөтөт. Ашыкча жардам кылуунун аягы өкүнүч болорун жакшы билишет.
Талапчыл, жоопкерчиликтүү болушат. Энергияга бай келип, активдүүлүгү менен ийгиликтерге жетишет.

Баса, саякатка чыгуу алардын жашоосунун негизи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Busi06
2018-06-12 12:14:56
Урматтуу супер Инфо 11.июньга Астра толго жокко мен аябай куттум эле чыгарып койунуздар сураныч!
-1
Rasul94
2018-06-12 14:07:15
Busi06,ото акылдуу,романтикалуу,шайыр муноздуулор болушат.
Супер деле ушуну айтмак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан