Бул күнү адамдарды түшүнүү жана алар менен бат тил табышып кетүүчүлүк сапаты, уюштуруучулук шыгы бар адамдар төрөлүшөт. Булардан мыкты жетекчи, устат чыгат. Эркекпи, аялбы үй-бүлөдө да мыкты башчы болушат. Мунун баары алардын болоттой курч мүнөзүнөн жана эрктүүлүгүнөн. Ошондуктан булар бизнесин гүлдөтүп же саясий карьера түзүп кете алышат. Сыртынан бийликке умтулгандай көрүнгөнү менен, табиятынан адептүү да, тарбиялуу да. Интеллектуалдык жактан шыктанып, өсүү үчүн акылдуу, таланттуу адамдардын катарында жүрүүнү жактырышат.
Бул күнү төрөлгөн суу куярлар өзүнө тартып турган кызыктуу инсандар. Сырткы келбетине абдан кам көрүшөт, анткени сырткы келбет жакшы болсо, ийгилик жаратуу оңой экенин билишет.
Сүйүү жаатында сезимтал, боорукер, тамашакөй келгени менен, туруктуу мамиле куруудан коркушат. Анткени бул нерсе эркиндикти чектеп, карьера курууда тоскоол болот деп ойлошот.
30-январь күнү Жогорку Кеңештин экс-депутаты Тынычбек Акматбаев, ырчы Аида Кулуева, АКШнын 32-президенти Франклин Рузвельт, советтик режиссёр Леонид Гайдай, Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримов, Индиянын коомдук жана саясий ишмери Махатма Ганди, англиялык футболчу Питер Крауч төрөлгөн.