21-августта төрөлгөн адамдар таланттуу болушат. Жашоодо романтикага жакын келип, абдан сезимтал жана назик болушат. Булар достукту баалай билгендиктен айланасында курчап турган достору көп. Ошондой эле адамдарда кездешчү ишенимдүү, чынчыл, мээримдүүлүк сапаттар бул күнү төрөлгөндөргө да таандык болуп эсептелинет.
Бул күнү жарыкка келген адамдар сөзмөр, акылы курч болгондуктан көбүнчө иш кылардан мурун алдын ала ойлонуп анан жасайт. Алар бир ишти оңой эле үйрөнүп кетүүгө жөндөмдүү келишет. Ошондуктан булар кандай тармакта болбосун бат эле үйрөнүп, иштеп келе алышат. Бирок булар саясатка жакын болушат.