КСДП фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаев Бишкектеги абанын булгануусу боюнча көйгөйдү чечүү жолдору каралышы керектигин бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аба унаалардын көптүгү жана шаар тургундарынын көмүр жакканынан булганып жатканын айтты.
"Автоунааларды электромобилдерге же газга өткөрүү керек. Учурда "Газпром" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөлү деп пландап жатабыз. Көмүр жагуу менен газга өткөрүүнүн ортосундагы каражатта айырма бар, бирок коопсуздукту ойлоп, туура түшүнүү керек. Ошондой эле автоунааларды азайтып, коомдук транспортторго өткөрүү каралууда", - деди премьер-министр.