Бурулайдын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин соттук отуруму. Судья чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти

Бүгүн, 9-апрелде Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин иши каралууда.

Соттук отурумда айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, судья чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Назира Абдумоминова ишти кайра тергөөгө жиберүү тууралуу өтүнүчүн мындайча түшүндүрдү.

"Тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн ишти кайра артка кетирүү өтүнүчүн берүүнү туура көрдүк. Себеби ошол күнү Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 11 кызматкер жумушка чыккан. Бирок азыр сотто 5 кызматкер айыпталып жатат. Ошондой эле башында окуя болгон жерге экспертиза кылган кызматкер эмнеге суралбай калды? Анткени анда алгачкы алынган видео бар болгон да. Биз ошол кызматкерлердин баары кайра тергөөгө алынуусун суранабыз", - деди жактоочу.

Ал эми Бурулайдын апасы да тергөөнүн кайра болушун талап кылат.

Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча 5 милиция кызматкерине 316-берене "шалаакылык" боюнча иш козголгон. Алар Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткери И.Иманалиев, Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери М.Макеев, Чүй ОИИББи боюнча Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүлөрү З.Байтереков жана З.Айткожоев, Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Э.Кадышев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан