Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин жыйынында Жайыл райондук милициясында каза болгон Бурулай Турдали кызынын окуясы талкууга алынды.
Анда коомдук кеңеш мүчөлөрү милиция кызматкерлеринин шалаакылыгын сынга алып, кеңештин мүчөсү Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов бул окуя боюнча ички иштер министринин орун басарынын кызматтан кетишин талап кылды.
"Ала качууга дуушар болгон кыз аны коргой турган милиция бөлүмүндө каза болгону өтө уят көрүнүш. Буга түздөн-түз милиция кызматкерлеринин кайдыгерлиги себеп болду. Эми ушул иш боюнча райондук жана облустук милициянын жетекчисин иштен алып коюу болбойт. Бул маселе боюнча ички иштер министринин орун басары жумуштан кетиши керек. Ал эми министрдин өзү бул кызматка келгенине бир ай боло элек болгондуктан, аны "иштен кет" деп айтуу туура эмес", - деди Нышанов.
Депутат ИИМдин кайсы орун басары иштен кетишин так айткан жок.