Бурулайдын атасы: "Экспертиза кызымдын көкүрөгүнө тартылган жазууну жок деп тыянак чыгарыптыр"

Милициянын бөлмөсүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев медициналык экспертизанын жыйынтыгына макул эмес. Мындай пикирин ал SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, экспертиза Бурулайдын көкүрөгүндөгү Н+Б деген жазууну жок деген тыянак чыгарып берген.

"Кызымдын көкүрөгүндөгү жазууну жок деп чыгарышыптыр. Бирок биз тартып алган сүрөттү көрсөтсөк, ооруканага келгенде дефибриллятор аппараты колдонулган. Ошондон калган так деп жатышат. Бирок ал аппараттан мындай так калбайт деп мага дарыгерлер айтышты. Мындан улам биз сөөктү эксгумация кылууну талап кылып жатабыз", - деди Турдали Кожоналиев.

Эске салсак, ушул жылдын 27-майында 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Милиция бөлүмүндө жигит кызды бычактап, андан кийин өзүнө да бир нече жолу бычак сайып жиберген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Анын абалы оор экенин Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери айткан.

Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
omuralievaO.88
2018-06-29 17:47:17
Ушунча эл көзүбүз көрбү. Сүрөтүн сайттарга тартып таратканда көргөнбүз кандай чындык турса жаап жашырат Аллах күнөөлүлөрдүн жазасын берсин.
+13
Missing-u
2018-06-29 18:09:10
Олтургон баладан дагы интервью алгылачы
+10
bring.me.to.life
2018-06-29 18:24:30
Жок дегенде кызды тынч жаткыршса болот го Атасыделе кайра кайра экспертиза дей бербей. Оа Оор бирок кызды деле ойлош керекгоо
+6
barakcha
2018-06-29 18:35:22
bring.me.to.life,туура.
-1
Kyrgyz_bloger
2018-06-29 19:24:41
Баладан интервью алмайынча чындыкты табыш кыйын башка мамлекеттерде кылмышкерлерден интервью алышат а биз мыйзам жок укук коргоо органдары коргобой эле тоноп кордоп аларга карата эн чон жаза жумуштан алып коюуу болуп жатат
+13
jasgul
2018-06-29 19:43:31
Эгсгумация кылып кызды кыйнап эмне кылат экен. Жок дегенде жайында тынч жатсынчы байкуш кыз. Атасынын деле кандайдыр бир куноосу бар да эгер чындап суйлошуп жургон болсо.
+2
bring.me.to.life
2018-06-29 20:54:09
Ошо суйлошуп жургон окшойтда кызы. Баарыле тааныштары бири бирин суйот болчу деп интервюда айтыштыго. Кыздын атасында да куноо бар да жигитине Берген эмеес Анан жигит Айла жок алып качкан башкага кудалагандан кийин. Колунда жоктур же баланын кандай болгон чактада баары карангы. Бирок кыздын атасында да куноо бар. Чырактай кызынан айрылды балким биринчи эле ала качканда берсе ушунча нерсе жок эле.
-1
ikitaidesu
2018-06-29 22:33:15
Урматтуу Бурулайдын атасы, сиздерден сураныч кайра кайра ачып жаба бербей күнүнө беш жолу намаз окуп, куран окуп кабырдын нурлуу, жайлуу, бейиштин бакчаларынан болушун сураңыз Аллахтан.
Албетте оор жоготуу болду, бирок мындан да оору кабырдагы азап.
Бар нерсени жокко чыгаргандар көзүңөр кийин кантет экен шордуу...
+6
altyn7776
2018-06-30 01:14:35
менин кумонум, ошол жигитти милициялар озу уруп бир нерсе кылып алгандай...же корсотпойт коомчулукка... баары бир бир куну калкып чыгат чындык
+3
muni.98-98
2018-06-30 07:40:26
Канчалык суйлошуп журсо да ала качып олтуруп салган туура эмес да.
0
Nuri1988Elim2010
2018-06-30 10:20:53
Бул жерде бир сыр бардай.Орган адамдары эле бир нерсе кылгандай.Мин ала качып ата энеси бербеген убактада мындай жолго кантип бармак.Аллахым баарын таразалоочу.Куноолулорго аллахым озу жазасын берсин
+4
Otuzadyr
2018-06-30 12:29:03
Менин ойумча орган адамдары куноолу баланы урган аны кыз коргон анан бычактады кылып балага куноону илишкен деп ойлойм себеби биздин менттердин жакшы коргон иши колго тушкон адамды созсуз баштан аягына чейин чукулап текшермей анан кантип баланы бычак менен камашты дагы кызды кошуп кыздын эмне айыбы бар камагыдай баланын устунон арыз тушуп атса эмнеге бир камерага киргизет бул жерде бир сыр бардай
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан