4-декабрда "Ош базарында" чыккан өрттөн жабыркаган соодагерлер жалпы 10 миллион сом чыгымга учурашты
"Ош базарында" 4-декабрга караган түнү чыккан өрт кырсыгынан жабыркагандарга келтирилген чыгымдын суммасы 10 миллион сомдун тегерегинде. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Чынасан Чыныбаев билдирди.
"4-декабрга караган түнү чыккан өрттөн 500 чарчы метр аянт күйгөн. Ал аянт "Зетта" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болгон. Аталган коомдон өрттөн жабыркаган 21 соодагердин келишимдери бизге өткөрүлүп берилди. Учурда атайын комиссиянын өкүлдөрү тарабынан жабырлануучулардын салык кызматына, социалдык фондго төккөн акча каражаттары текшерилүүдө. Анын жыйынтыгы менен акимчилик тарабынан мэрияга тиешелүү маалыматтар берилип, жардам берүү боюнча чечим чыгарылат", - дейт Чыныбаев.
Анын айтымында, өрттөн жабыркагандардын саны көп, алардын көбү кош ижарачылар. Алар "Зетта" жоопкерчилиги чектелген коому менен ич ара чечишет.
"Өрт чыккан аймакта учурда аталган жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн келип чыгуу себептери аныктала электиги да белгилүү болду", - деп кошумчалады Чыныбаев.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
"Ош базарында" 4-декабрга караган түнү чыккан өрттөн 40ка жакын соодагердин соода орду толугу менен күйүп кеткен. Аймактык тескөөчү окуядан бир күн мурун базар жабык болгонун жана ширетүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.
Жыл башынан бери аталган базарда төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы болгон. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагерлер миллиондогон чыгымга учурашкан.