Ысык-Көлдө жаңы жылдык балатынын чырактары эртең жандырылат

Өлкөнүн 7 дубанынын борбор шаарларында жаңы жылдык балатылардын чырактары жанууда. Буга чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарларында жандырылган. Каракол шаарында жаңы жылдык балатынын чырактары эртең, 19-декабрда жанат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун мэриясынын басма сөз кызматкери SUPER.KG'ге айтып берди.

"Орнотулган балатынын узундугу - 21 метр. Жергиликтүү бюджеттен жалпы шаар ичин жана балатыны жаңы жылдык жасалгалоого 229 миң сом бөлүнгөн. Учурда балатыны кооздоо иштери кызуу жүрүүдө. Эртең балатынын чырактары жанып, жалпы шаар тургундарына майрамдык маанай тартууланат", - деп билдирди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Batma08
2018-12-18 22:24:12
Ушулардыкы тузугурак окшойтда.мага жакты
+1
TalaCSKA
2018-12-18 22:34:35
Ии эми окшошуптур
+1
Nur777
2018-12-18 22:34:46
Жакшы болуптур.
+1
vikidiki
2018-12-19 10:40:35
Нарын облусуна дагы ушул суммада акча болунуптур. Ошондо кимиси акча жегени билинип эле калды го я Урматтуу Нарын областынын мери?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан