Кытайда үй жаныбарлары өлгөндөн кийин алардын күлү жана жүнүнөн эстелик үчүн бриллиант жасатуу кызматын тандагандар көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, атайын компаниялар жаныбарлардын жүнүнөн жана күлүнөн көмүртекти бөлүп алып, аны жогорку басым жана температуранын жардамы менен бриллиантка айландырышууда.
"Айрым өндүрүүчүлөр мындай таштар толугу менен үй жаныбарларынан алынган көмүртектен жасаларын белгилешет. Даяр болгон бриллианттарды ээлери зергердик компанияларга берип, шакек, кулон жана башка буюмдарды жасатышат. Мындай эстелик таштардын бир каратынын баасы 1,5 миңден 13 миң долларга чейин жетет", - деп болжолдоду басылмалардын бири.