Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдын октябрь айына чейин аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери куткаруучулар 428 адамдын өмүрүн сактап калышты. Алардын ичинен жол кырсыктан, сууга чөгүүдөн, жана өрттөн куткарылгандар.
"Жыл башынан бери 113 адам жол кырсыгынан, 14 адам сууга чөгүүдөн, 4 кен кырсыгынан жана 5 адам өрттөн куткарылды. Мындан тышкары, 731 жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле сел жана суу ташкындарынын алдын алуу үчүн көрүлгөн чаралар 72 жерде өз натыйжасын берди. Ал эми жыл башынан бери калкка 69 шашылыш эскертүү жөнөтүлдү", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.