Биз социалдык тармакта

"Wildberries’тин" негиздөөчүсү Татьяна Ким кызматынан кетти

Бүгүн, 21-ноябрда Татьяна Ким "Wildberries" компаниясынын башкы директору кызмат ордунан кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Маалым болгондой, ал "Wildberries" ЖЧКсынын уюштуруучуларынын курамынан да чыкты. Кызматтан кетүүсүнүн себеби азырынча расмий түшүндүрүлө элек.

Ал эми анын ордуна Алексей Куликов жетекчи болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, компания Татьяна Ким жана анын мурдагы жолдошу Владислав Бакальчук тарабынан 2004-жылы негизделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан