Бишкекте алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш старт алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

Аталган мелдеш коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын баатыры Абсамат Масалиевдин элесине арналган. Мелдеште өлкөбүздүн бардык аймактарынан жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Монголия, Түркмөнстан, Беларусь, Иран өлкөлөрүнөн келген 300дөн ашуун спортчу катышууда.

Мелдеште эркектер арасында 3 салмак категорияда (70, 80, жана 80 килограммдан жогору) жана кыз-келиндер арасында 3 салмак категорияда (55, 65 килограммга чейинки жана 65 килограммдан жогору) беттештер өтүп жатат.

Финалдык беттештер бүгүн саат 17:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан