Румыниялык 34 жаштагы ырчы Анка Поп Дунай дарыясына унаасы менен чөгүп кетип каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазууда.
Маалым болгондой, ырчы ушул жылдын 16-декабрында каза болгон. Ырчынын жакындары Анка Поп дайыма эс алуу күндөрү үй-бүлөсү менен кечки тамактанууга келип жүргөндү адат кылып алганын, бирок 16-декабрда келбегендигин билдиришкен. Мындан улам эжеси тартип сакчыларына кайрылган. Алар ырчыны дароо издөөгө алышкан.
17-декабрь кечке жуук суучулдар Дунай дарыясынан Анка Поптун жансыз денесин жана унаасын табышкан. Бул күтүүсүз кырсык катары айтылса дагы полиция кызматкерлери иликтөө иштерин улантышууда.