КҮНСЕРЕП : Балдарын туугандарына таштап кеткен мигранттарга өкмөт чара көрмөкчү

Бүгүн, 21-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламент депутаты Аида Исмаилова өкмөт электр энергиясынын тарифин кайрадан карашы керектигин айтып чыкты. Кыргыз өлкөсү электр жарыгын Өзбекстанга өздүк наркынан арзан - 1 сом 36 тыйындан сатып жатканын сындады. Исмаилованын сөзүнө таянсак, өлкөдө электр энергиясынын өздүк наркы 1 сом 61 тыйынды түзүүдө. "Улуттук энергетикалык холдинг" өздүк бааны жаба албай жатабыз деп даттанууда, биз электр кубатын ушундай баада экспорттосок кантип жабабыз", - дейт ал. Ошондой эле депутат электр энергиясы боюнча өлкөдө бирдей тариф иштеши керектигин билдирди.

Өкмөт электр жарыгынын тарифин акыркы жолу 2014-жылы бекиткен. Ага ылайык, азыркы тапта эл 700 киловатт-саатка чейин пайдаланган электр энергиясы үчүн 77 тыйындан, 700 киловаттан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөйт. 1 айга 700 киловаттык лимит аз экени, аны көтөрүү сунуштары 4 жыл бою айтылып, бирок өкмөттөн колдоо тапкан жок. Чиновниктер калктын 30 пайызы гана 1 айда 700 киловаттан ашык электр энергиясын пайдаланат деген статистиканы бетке кармап жатат. Расмий маалыматка таянсак, 2017-жылы өкмөт Өзбекстанга 1,3 миллиард киловатт электр жарыгын экспорттоду. Элге кымбат баада сатылып жаткан электр энергиясы Өзбекстанга арзан берилип жатканы парламентте, коомчулукта такай сындалып келе жатат. Ага карабай Жогорку Кеӊеште энергетикалык кризистен чыгуу үчүн тарифтерди көтөрүүдөн башка жол жок деген депутаттар көп. Быйыл депутат Айтмамат Назаров 700 киловаттан ашык колдонулган электр энергиясы үчүн элден 2 сом 16 тыйын эмес, 3 сомдон алуу керектигин айтып чыкты. Депутат Кожобек Рыспаев да ушундай пикирде. Ал эми көз карандысыз саясатчылар, эксперттер Бакиевдин бийлигинин куулушуна светтин баасын көтөрүү бир себеп болгонун эскертүүдө. Жакында депутаттар электр жарыгынын баасы боюнча суроо беришкенде биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов быйыл тариф көтөрүлбөй турганын айтып, ал эми 2019-жылга карата "баа көтөрүлбөйт" деп айта албай койду. Акыркы күндөрү светтин баасы көтөрүлөт деген маалымат тарай баштады. Өкмөт маалыматты четке кагып, азырынча тарифтерди көтөрүү планы жок экенин жарыялады. Тармакты оӊдоонун жөндүү жолу - энергетикадагы уурулукту, коррупцияны азайтуу. Деген менен энергетика тармагына алынган карыздарды төлөөчү мезгил өкмөттү жарга түртүп баратат. Бул тармакка 27 жыл ичинде 1 миллиард доллар карыз алынган. Ага карабай тармактын абалы жакшырып кеткен жок, жакында эле Үч-Коргон ГЭСинде болгон авария буга далил. Расмий маалыматка таянсак, 2019-жылдан тарта карызды төлөө суммасы кескин жогорулап, анын эң жогорку деңгээли 2025-жылга туура келет. Төлөмдүн ар жылкы орточо суммасы 11,8 миллиард сомду түзө турганы айтылды. Бул "Кумтөрдүн" бюджетке төгүп жаткан 1 жылдык акчасына барабар...

Кыргыз жеринде балдарын бирөөгө таштап кеткен мигранттар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргыз өлкөсүндөгү коммуникациялар бөлүмүнүн адиси Мавлюда Жапарова билдирди. Айтымында, жумушчу топ Балдар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыкты.

Ага ылайык, эмгек мигранттары өлкөдөн чыгарда балдарын бирөөгө дайындоо үчүн убактылуу ишеним кагаз түзүүгө милдеттендирилет. Тагыраагы, ата-энеси мигрант болуп жүргөн балдарды туугандары же тааныштары милдеттүү түрдө убактылуу камкордукка алуу механизми ишке кирмекчи. Документ 3-6 айга түзүлүп, 6 айдан кийин баланын ата-энеси кайтып келүүгө, баланы алып кетүүгө же ишеним кагаздын мөөнөтүн узартууга тийиш. Расмий маалыматка таянсак, учурда 700 миӊден ашык Кыргыз жараны сыртта эмгек мигранты болуп жүрөт. Өлкөдө атасы да, энеси да мигрант болуп чет жерде иштеп жүргөн 119 миңдей бала бар. Албетте, балдарды коргоо керек. Алардын билим алуусуна, тарбиясына, саламаттыгына жетиштүү деңгээлде кам көрүлүүгө тийиш. Бирок жаңы сунушталып жаткан мыйзам, мигрант ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү аракетинин терс таасири бар экенин айткандар дагы чыгууда. Ата-энелер жыргаганынан чет жерде иштеп жүрүшкөн жок. Көпчүлүгү балдарын жакындарына, туугандарынын кароосуна таштап кетишет. Бюрократия, коррупция гүлдөгөн Кыргыз жеринде ата-энелер үчүн ишеним кагазын түзүү ашыкча түйшүк жаратышы ыктымал. Ал эми мамлекеттик кызматтагы айрымдар үчүн бул коррупциянын дагы бир булагы болбойт деген кепилдик жок. Өлкөдө коррупция тыйылса, жаңы жумуш орундарын түзүү, айлыктарды көтөрүү, мигранттарды мекенине кайтаруу иши жолго салынса, өкмөттүн балдарга эӊ жакшы кам көрүүсү ушул болмок...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан