Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин соттук отуруму 10-январга жылдырылды. Буга чейин соттук отурум бүгүнкүгө белгиленген болчу.
Иш Бишкек шаарындагы Аламүдүн райондук сотунда каралып жатат.
Соттук отурумда айыпталып жаткан 5 кызматкердин бири соттук отурумга келбей калган. Ошондой эле айыпталуучулардын да жактоочусу келген эмес. Мындан улам соттук отурум жылдырылды.