Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум: Айыпталуучунун унаасын токтоткон кызматкер Бурулай бизден "ала качып баратат" деп жардам сураган эмес дейт

Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө. Соттук отурумда алгачкылардан болуп Бурулай Турдали кызын ала качып бара жаткан Марс Бөдөшов жана Акмат Сеитовду Жайыл РИИБине алып келген Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкер күбө катары суралууда.

"Бизге ала качуу боюнча билдирүү түшкөн. Анда кызды Талас облусуна алып кетип баратышканын айтышты. Алар түнкү саат 12ге жакын кармалышты. Мага кесиптешим Жайыл РИИБинен бизге алып келгиле деген билдирүү келгенин айтты. Токтотулган унаадан Марс жана анын досу чыкты. Кыз унаада болчу. Экөөнү текшергенде жанынан машинанын ачкычы жана телефон чыкты. Унааны айдап, алар менен чогуу Жайыл РИИБине бардык. Кыз дагы жаныбызда бара жатты. Жайыл РИИБине чейин сүйлөшүп эле бардык. Бөлүмгө келгенде ала качуу боюнча чалуудан улам жаныбыздагыларды кармап алып келе жатканымды айттым. Бизди алар тосуп алышты. Бурулайды бөлмөгө киргизди. Мен жогорудагы иш боюнча рапорт жаза баштадым. Тергөөчү биз турган бөлмөгө келип, "кызды алып келдик, кабыл алуу бөлмөсүндө турат" деди. Мага нөөмөттөгү кызматкер келгенде ага Биринчи Май РИИБине кайра рапорт жазып берүүсүн айттым. Бурулайга телефон берип, ата-энеңе чалып дайыныңды айт дедим. Ал учурда Марс Бөдөшов келип кыз менен сүйлөшүп алайын деди. Милиция кызматкерлери анын суранычына уруксат беришкен жок. Бир маалда кабыл алуу бөлмөсү жактан "тарс" деген үн чыкты. Ал учурда кабыл алуу бөлмөсүнүн эшиги жабылып калган экен. Биз ага эшикти ач, болбосо талкалайбыз деп эскертип жаттык. Көп өтпөй эшикти талкалап кирсек кыз менен бала экөө тең жерде жаткан экен. Мен ошол замат "Тез жардам" кызматына чалдым. Бирок ага чейин эле биз кызды ооруканага алып жөнөдүк. Жандандыруу бөлүмүнө кызды алып кирдик. Бир аздан кийин кыздын каза болуп калганын айтышты", - деди жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери.

Айыпталуучунун жактоочусунун "Силер посттон Бурулайды жана Марсты кармаганда кыз кандай абалда эле? Ал мени ала качып баратат жардам бериңизчи деп суранды беле?" деген суроосуна күбө "кыз кадимикидей эле отурган, ал бизден мени ала качып бара жатат деп жардам да сураган жок" деди.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Missing-u
2018-10-17 16:19:52
Турдали акани озун камагыла чырактай кызын суйгонуно бербей колунда бар адамга берем деп ушул иш болду. Кыз каршы болсо кыйкырып бакырат эле,бала дагы олтурбодум деп атат,милициялар Уруп кыйнаса дагы чындыктан тайба Марс!!!
+9
Modric10
2018-10-17 16:29:40
Missing-u,сен не кыласын.оздору чечишип алат.же арасында болбогондон кийин
-5
elebes86
2018-10-17 17:32:04
Ала качканы чынбы болду мойнуна алсын.
-9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан