КҮНСЕРЕП: Текебаев ырайым сурабайм, адилеттүүлүк үчүн күрөшөм деди

Бүгүн, 22-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 60 жашка чыкты.
Бишкекте анын 60 жылдык юбилейи белгиленип, Осмонакун Ибраимов, Феликс Кулов, Адахан Мадумаров, Болот Шер өңдүү саясатчылар, Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, парламенттин Абдывахаб Нурбаев, Жанар Акаев, Аида Салянова, Чолпон Жакупова, Асия Сасыкбаева өңдүү мурунку, учурдагы депутаттары, Аликбек Жекшенкулов, Кылычбек Султан өңдүү кыргыз дипломатиясынын өкүлдөрү, учурда абакта жаткан саясатчылар Дүйшөнкул Чотонов, Бектур Асанов, Садыр Жапаров жана Кубаныч Кадыровдун жубайлары, Текебаевдин партиялаштары, жакындары жана санаалаштары ошондой эле жоон топ ММК өкүлдөрү катышты. Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев, Канат Исаевдер барып, булардын фонунда Иса Өмүркуловдун басып келбегени көзгө урунуп, КСДП фракциясынын Текебаевге карата мамилесин сөзү жок саймедиреп турду.
Бир залга топтолгон кыргыздын саясий элитасы ошол жоон тобу менен Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан “Ата Мекендин” лидерин куттуктап, “сени саясий жаркын келечек күтүп жатат” деп тилек билдирип кайтышты.
Журналисттер "Атамбаевдин "мыйзамды бузуп болсо да Текебаевди каматпай койсом болмок экен" деген сөзүн кандай түшүндүӊүз?" деп суроо узатканга жетишти. Буга Өмүрбек Текебаев: "Көпчүлүк Алмазбек Атамбаев каматып койгонуна өкүндү деп ойлоду. Мен башкача түшүндүм. Ал Текебаевдин рейтинги көтөрүлүп кетти деп эле кейип жатат. Текебаевди түрмөгө отургузбай, жаманатты кылган боюнча калтырып койсом аброю түшмөк, элдин колдоосуна ээ болбой калат эле деп өкүнүп жатат. Бүт мамлекеттик ресурс, күч органдары эреже сактабай бирөөнү уйпалап жатканда эл адилетсиздиктен жапа тартып жаткан тарапка колдоо көрсөтөт", - деди. Ошондой эле бийликтен ырайым сурап эркиндикке чыкпай турганын кошумчалады.

Алтынбек Сулайманов башкы "Ата Мекенчини" куттуктоодо 2010-жылы Текебаевдин спикер болуп шайланбай калганын, өзү каршы добуш бергенин эске салып, "Өмүрбек Чиркешовичке бир добуш карызмын" деди. "Бир болдун" лидери ушундай оюндардан улам өлкөнүн өнүгүшүн артка тартышканын да моюнга алды.

Кыргыз жеринде демократияны түптөөгө, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө өмүрүн арнаган саясатчы юбилейин абакта тоскону өкүнүчтүү.

Өмүрбек Текебаев - эгемендүү Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясын жазууга катышкандардын бири. 27 жыл ичинде өлкөдөгү бардык олуттуу саясий процесстердин негизги катышуучусу. Азыркы Конституциянын өзөгү да 2010-жылкы революциядан кийин анын көзөмөлүндө жазылып, кабыл алынган. Ушундан улам Текебаев демократиянын үлгүсү, Конституциянын атасы аталып жүрөт.
Саясатчыны "түбөлүк оппозиционер" деген атак да ээрчип келе жатат. Анткени ал Акаевдин заманынан бери кайсы бийлик болбосун анын туура эмес иштерин ачык сындап, тайманбай күрөшүп келе жаткан саналуу саясатчылардын бири. Текебаевдин саясий оппоненти Адахан Мадумаров жакында "Текебаевди апасы Кыргыз парламенти үчүн төрөп койгондой. Өлкөдө накта 5 саясатчы болсо, анын бири Текебаев. Ал азыркы деӊгээлге күрөшүп жетти, досунун же кудасынын жардамы менен асмандан түшүп калганы жок" деди. Мындай баа Текебаевдин санаалаштары тарабынан эмес, анын саясий атаандашы тарабынан берилиши "Ата Мекендин" лидеринин саясий салмагы абакта отурганына карабай бийикте экенин көрсөтөт. Текебаевдин түздөн-түз катышуусу менен Кыргыз өлкөсү 2 революцияны баштан өткөрдү. Максат - элди эзген авторитардык бийликти кулатуу, элдин жашоосун жакшыртуу эле. Бирок эки революция тең элге жаркын жашоо алып келе алган жок, эки бийлик тең “ажыдаарга айланып кетти” деген баа алды. Революциянын максаттары орундала электигин Текебаев өзү да моюнга алат. 2015-жылга чейин ал азыркы Конституция өзүнүн негизги функциясын аткарууда, өлкөдө бийликтин бир адамдын колуна топтолуусуна мүмкүндүк берилбей жатат деп айтып келген. 2016-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин командасы Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеп, ага каршы чыккан Текебаевге кылмыш иши козголуп, 2017-жылы 8 жылга соттолуп кетти. Коомчулук Текебаев бийликке каршы чыкканы үчүн саясий негизде соттолду деген пикирде. Адатта, жаӊы бийлик саясий туткундарды эркиндикке чыгарат. Мисалы, Акаев куулганда жаӊы келген Бакиевдин бийлиги саясий негизде соттолгон Феликс Куловду эркиндикке алып чыккан. Бакиев куулганда Исмаил Исаков саясий курмандык катары абактан бошотулган. Жаӊы келген ар бир бийлик алардын соттон акталуусуна мүмкүндүк түзүп берген. 2017-жылы өлкөдө президенттик шайлоо өтүп, бийлик алмашты. Бирок эл саясаттын курмандыгы деп санаган Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Садыр Жапаров, Бектур Асанов өӊдүү саясатчылар абактан чыгарылбай жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков "сотторго кийлигишүүгө укугум жок" деди. Бирок Башкы прокуратуранын абактагы саясатчыларга ишти кайра карап, актыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүк бербей жаткандыгы Сооронбай Жээнбековдо Текебаев өңдүү инсандардын саясат талаасында болушуна кызыкдар эместигин көрсөтүүдө. Ушул жылы анын адвокаттары кылмыш ишин жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону өтүнүп, бирок Башкы прокуратура баш тартты. Эксперттер "азыркы бийлик 2020-жылкы парламенттик шайлоону ойлоп, Текебаевди эркиндикке чыгаруудан коркуп жатат" деген жоромолду айтууда. "Революция өз балдарын жейт" деген кеп бар. Өмүрүн Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө арнап, күрөшүп жүргөн көрүнүктүү лидер өзү бийликке алып келгендердин курмандыгына айланып темир тор артында отурат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан