Мушкер Азат Үсөналиев Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште алтын медалды тагынды

Кыргыз мушкери Азат Үсөналиев Казакстанда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште алтын байгенин ээси болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Кыргыз Республикасынын бокс федерациясынан билдиришти.

Аталган мелдеш Караганда шаарында өтүп, Казакстан ССРинин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Галым Жарылгаповдун жаркын элесине арналган. Ага Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Таиланд, Кытай, Монголия жана Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары күч сынашып, Кыргыздан 52 килограммга чейинки салмак ченинде Азат Үсөналиев катышкан. Ал финалдык баскычка чыгып, анда таиланддык мушкер менен кездешти. Беттештин жыйынтыгында Азат Үсөналиев жеңүүчү аталып, алтын байгенин ээси болду.

Андан тышкары Данияр Дамирдин уулу, Сейитбек Мунарбек уулу жана Ильяз Акматалиев өз салмак чендеринде коло медалдарды тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Skarlett-Skarlett
2018-12-22 13:47:55
Куттуктайбыз!Азаматсын!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан