Мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенген табып Хашим Зайналиев камакка алынды

Мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенген табып Хашим Зайналиев камакка алынды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, табып тиешелүү лицензиясы жок туруп, бейтаптарды мыйзамсыз дарылоого айыпталып жатат.

"Хашим Зайналиев кечээ, 22-декабрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал бейтаптарды кабыл алган үйдө 19 киши дарыланып жатыптыр. Алар арыз жазуудан баш тартышты. "Тез жардам" кызматы ал жерде күзөттө турат. Табып пайдаланган дары-дармектер экспертизага жиберилди", - деди басма сөз кызматкери.

Хашим Зайналиев буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты жок Бишкектеги Көк-Жар конушуна жеке дарылоочу жай ачып, бир нече жылдан бери адамдарды өз алдынча дарылап келгендиктен ага кылмыш иши ачылып, бирок кайра токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mirlan27011987
2018-12-23 12:25:01
Эчак эле камаш керек болчу мындай шарлатандарды. Азыркы учурда ар кайсы молдолор диний жол менен элди даарылап журушот. Ошолорду да камаш керек. Молдолордун ырым жырымдарына ишенбей, медицина илимине ишениш керек.
+1
nurkojo
2018-12-23 16:21:13
Mirlan27011987, медицина чала олук кылып чыгарып койгондорго жардам берип атыптыр, видеосун корсонор болот!
+5
munduz2016
2018-12-24 15:52:04
Ооруканада деле өлүп калып атышпайбы,акчасы жокторду карабай койуп...
Бул табып менин билишим боюнча көп эле оорулууларга жардамы тийип жүргөн...
0
munduz2016
2018-12-24 15:53:39
19пациентин дарылап бүткөнчө коё турушпаптыр камабай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан