Жыл сайын 9-классты аяктагандардын 35 пайызы мектепте окууну улантышпайт
Депутаттар 9-класстан ары мектепте окууну уланткысы келбеген окуучуларды акысыз окутууну милдеттендирген мыйзам долбоорун демилгелешүүдө. Бул тууралуу 24-декабрда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Билим берүү жана илим министрлигинин 2010-2016-жылдар үчүн берген статистикалык маалыматына караганда, ар жыл сайын 9-классты 98 миң окуучу аяктайт. Алардын 64 миңи гана 10-11-классты улантышкан.
Демилгечилердин бири депутат Мирлан Жээнчороев баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу мекемелерине 9-класстын базасы менен 6 миң улан-кыз тапшырса, кесиптик билимге 15 миңи барганын билдирди.
"Мындай көрүнүштүн көрсөткүчү 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн 12 пайызынын чала сабаттуу, эч кандай иши жок, өз алдынча жашоого даяр эмес болуп чыгышын ачыктоодо", - деди эл өкүлү.
Мындан тышкары жыйында 2003-жылы "Билим берүү жөнүндө" мыйзамы кабыл алынгандан берки 14 жылдын аралыгында коомчулукта эч кандай баштапкы орто кесиптик билими жок, чоң турмушка аралашкан 200 миң жаран менен толукталган сандык көрсөткүчтөргө көңүл бурулду.