Кемин районунда сууга чөгүп, каза болгон окуучу Жаңы жылга карата мектепке балаты алып келүүгө классташ балдары менен тоого барган. Мындай маалыматты Тегирменти айылынын Белек Солтонев атындагы орто мектебинин директору Нургүл Ашыралиева билдирди.
Директордун айтымында, 11-класстын 3 окуучусу мектеп кароолчусунун артынан балатыны тандап келүү үчүн барышкан.
"Биз жыл сайын айыл өкмөтү менен биргеликте сүйлөшүп мектепке тоодон балаты алып келип майрам уюштурабыз. Балатыны тоодон дайыма кароолчу жана дене тарбия мугалими барып алып келчү. Бул жылы да ушундай чечим чыгып аларга 22 же 23-декабрда алып келүүгө тапшырма берилген. Эс алуу күндөрү балатыга баралы деп жатышса, дене тарбия мугалиминин жакыны каза болуп, 24-декабрда кароолчу өзү бармак болгон экен. Ал эми 11-класстын балдары "былтыр мектепке жакшы балаты алып келинген эмес, өзүбүз тандап келебиз" деген ойду кароолчуга сунушташыптыр. Бирок биздин кызматкер макул болгон эмес экен.
Кечээ, 24-декабрда кароолчу сабактан кийин тоого кетип жатса, 11-класстын 3 окуучусу ат минип кошо жөнөшүптүр. Балатыны кыйып алып келе жаиып болжол менен саат 18:30 чамасында окуучубуздун аты үркүп сууга агып кеткен. Алгач окуучулар баланы суудан өздөрү куткарып алууга аракет кылышыптыр. Мага кабарды саат 22:00 чамасында айтышты. Окуя болгон жерге барсам айыл тургундары көпчүлүк болуп издеп жүрүшүптүр. Мен ошол жерден милицияга телефон чалгам, алар куткаруу кызматына чалыптыр. Айылдын жашоочулары куткаруучулар келгенге чейин эле баланын жансыз денесин таап алышты. Ал аттан жыгылган жерден 50 метр ылдый агып, барып эки таштын ортосуна кыпчылып калган экен.
Каза болгон окуучу өзү айылда бир тууган агасы жана жеңеси менен жашачу. Анын атасы каза болуп калгандан кийин апасы Түркияга иштегени кеткен. Мектепте орто окуган, коомдук иштерге активдүү катышкан, тартиби жакшы окуучулардын катарында болчу. Буга чейин тартип бузган окуялары катталган эмес. Чогуу жашаган агасы "менден уруксат суранган, бирок мен макул болбой койгом, тааныштарыбыз каза болуп ошол жакка кеткенибизде үйдөгү тайды минип кетип калыптыр деп айтып жатат", - деп билдирет Ашыралиева.
Буга чейин Чүй облусунун Кемин районунда 11-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгону маалымдалган.